Кыргызстанда бир күндүк жалданма жумушчулар салык төлөөгө милдеттендирилиши мүмкүн2026-жылы КР мамлекеттик бюджетинен контрацептивдерге 12,5 млн сом бөлүндүБишкектеги таштанды полигонунда өрт чыкты: мэрия өрт атайылап коюлушу мүмкүн экенин билдирдиКыргызстанда 2027-жылы IV КМШ оюндары өтөтКубанычбек Айбек уулу Азия оюндарында кураш боюнча коло медалга ээ болдуКыргызстан менен Гонконг кош салык салууну жоюуну көздөөдө
Жол сакчылары айдоочуларды жолдо этият болууга чакырат
02.10.2021 | 16:20
Бүгүн, 2-октябрда Кыргызстандын Төө-Ашууга жана Суусамыр өрөөнүнө кар түштү. Бул тууралуу Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган кызмат аба ырайынын кескин начарлашына байланыштуу айдоочуларды жолдордо этият болууга жана жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууга чакырат.
Мындан тышкары, унааларды жол эрежелерин жана аралыкты сактоону суранат.
Белгилей кетсек, Кыргызгидромет буга чейин 1-октябрдан 5-октябрга чейин республикадагы аба-ырайы кескин өзгөрө тургандыгын маалымдаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом