Жөө күлүк Дарья Маслова карьерасын аяктаганын жарыялады

Жөө күлүк Дарья Маслова карьерасын аяктаганын жарыялады

Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Дарья Маслова карьерасын аяктаганын жарыялады. Бул тууралуу ал социалдык тармактардагы баракчасына жазды.

«Мен кыргыз эли жана күйөрмандарыма спорттук карьерамды жыйынтыктаганымды айткым келди. Мен көпкө ойлондум жана өзүм үчүн абдан оор чечим чыгардым. Менин профессионалдык карьерама чекит коюуга убакыт келди!»,- деп жазган спортчу.

Ошондой эле ал күнөстүү Кыргызстандын тарыхына кичинекей салым кошконуна сыймыктанарын жана өлкөдө спортту колдоо керектигин баса белгилеген.

«Улуттук спорттун түрлөрү маанилүү, бирок башка түрлөрүн дагы унутпоо керек. Мамлекет бир күнү өзүнүн баатырларын, өлкөнүн патриотторун байкап, биз албаган тийиштүү колдоону көрсөтөт деп ишенем»,- деп кошумчалаган ал билдирүүсүндө.

Андан сырткары ал машыктыруучулары Виктор Борисовго жана Татьяна Борисовага ыраазычылыгын билдирген.

26 жаштагы Дарья Маслова Ысык-Көл облусунун Пристань — Пржевальск айылында туулган. Ал Олимпиада оюндарынын эки жолку катышуучусу — «Рио -2016» жана «Токио -2020» оюндарына катышкан. 2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарында алтын жана күмүш медалдарынын, Азия чемпионатынын эки алтын медалынын ээси.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>