Бишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутатЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалуудаТашкент – Ош багытындагы түз авиакаттам ачылды. Мындан ары каттамдар жумасына эки ирет аткарылатДепутат Дастан Бекешев ОРТ баасынын жогорулашын сынга алды
Рейтингдик мелдеш: Тыныбекова биринчи атаандашын жеңди (видео)
12.01.2024 | 16:59
Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Zagreb Open рейтингдик мелдешиндеги биринчи беттешин жеңиш менен баштады.
Тыныбекова таймашты квалификациялык баскычтан баштап, алкачкы беттешинде америкалык Адауго Нвачукву менен күч сынашты. Кармаштын жүрүшүндө атаандашы пассивдүү күрөшкөнү үчүн Тыныбековага эки жолу бирден упай берилди, андан кийин беттештин аяктарында Айсулуу Тыныбекова 2 упайлык ыкма жасап, жыйынтыгында 4:0 эсебинде жеңишке жетти.
1/8 финалда ал кытайлык Яру Ву менен күрөшөт.
Эскерте кетсек, мелдеш Хорватияда өтүүдө.