Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
“Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясы токтоду
12.01.2024 | 17:29
“Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясы мындан ары ойнотулбайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Анын ордуна башка акция башталат. Ал аркылуу дагы байге утуп алууга мүмкүн болот.
Салык кызматы жарандарды товар же кызмат сатып алган сайын кассалык чектерди талап кылууга жана чогултууга чакырат.
Эскерте кетсек, 2023-жылы Салык кызматы лотереянын эки этабын өткөрүп, анын жүрүшүндө 2376 баалуу байге ойнотулган. Алардын ичинен 10 батир, 20 электромобиль жана 6 чет өлкөгө жолдомо берилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом