Улуттук банк: Кыргызстан 2027-жылы юань менен облигация чыгарышы мүмкүнБишкекте өнөр жайды өнүктүрүү боюнча аймактык форум өтөтКыргызстандык окуучулар күзгү каникулга 11-ноябрдан 15-ноябрга чейин чыгышатБишкекте блокадагы Ленинграддын тургуну болгон Галина Тольская дүйнөдөн кайттыСалык кызматы өз атынан чалып жаткан алдамчылар тууралуу эскерттиКызыл-Кыяда 24 жаштагы келинди өлтүрүүгө шектелип күйөөсү кармалды
Рейтингдик мелдеш: Тыныбекова биринчи атаандашын жеңди (видео)
12.01.2024 | 16:59
Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Zagreb Open рейтингдик мелдешиндеги биринчи беттешин жеңиш менен баштады.
Тыныбекова таймашты квалификациялык баскычтан баштап, алкачкы беттешинде америкалык Адауго Нвачукву менен күч сынашты. Кармаштын жүрүшүндө атаандашы пассивдүү күрөшкөнү үчүн Тыныбековага эки жолу бирден упай берилди, андан кийин беттештин аяктарында Айсулуу Тыныбекова 2 упайлык ыкма жасап, жыйынтыгында 4:0 эсебинде жеңишке жетти.
1/8 финалда ал кытайлык Яру Ву менен күрөшөт.
Эскерте кетсек, мелдеш Хорватияда өтүүдө.