Ташиев менен Ятимов Кулунду — Максат — Арка багыты боюнча макулдашты (видео)

Ташиев менен Ятимов Кулунду — Максат — Арка багыты боюнча макулдашты (видео)

Кыргызстан менен Тажикстан Лейлек районунун Кулунду — Максат — Арка тилкеси боюнча бир пикирге келди. Бул тууралуу  УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен тажик коопсуздук кызматынын башчысы Саймумин Ятимов Баткен шаарында өткөн жолугушуунун соңунда билдирди.

Ятимов аталган багыт боюнча протоколдун долбоору түзүлүп жатканын белгиледи.

“Өтө маанилүү маселелерди талкуулап, принципалдуу суроолор боюнча бир жыйынтыкка келдик. Кулунду-Максат-Арка жана Хистеварз багыты боюнча макулдашууга жетиштик. Бардык тараптар чечимди колдойт. Аны менен биз дагы бир кадам алдыга жылдык. Биз мамлекеттибизди, элибиздин эркин аткаруудабыз. Коюлган тапшырма ишенимдүү жана эки тараптын тең кызыкчылыгына жооп берет”, — деди ал.

Камчыбек Ташиев дагы сүйлөшүүдө Лейлек району чектешкен тилке боюнча макулдашканын ырастады.

“Кеп 15 чакырым жер жөнүндө болуп жатат. Эми жумушчу топ аны чийип, тактап, долбоор даярдайт. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы биздин дагы купулубузга толду”, — деди УКМК башчысы.

Белгилей кетсек, Тажикстандын Кыргызстанга эки жолку кол салуусунда Лейлек районунун Арка, Максат, Интернационал, Достук айылдары эң көп жабыркаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>