Reporter.kg агенттиги кыргыз элин Жаңы жылы менен куттуктайт

Reporter.kg агенттиги кыргыз элин Жаңы жылы менен куттуктайт

Reporter.kg маалымат агенттигинин эмгек жамааты жалпы кыргыз элин кирип келген Жаңы жыл майрамы менен куттуктайт!

Жаңы 2020-жыл берекелүү жана ийгиликтүү жыл болсун!

Ата-энелер бала-бакырасы менен чогуу болуп, ар бир үйдө бакыттын күлкүсү жаӊырып турсун!

Кыргыз эилибиздин ынтымагы бекемделип, ырыскысы мол болсун.  Өлкөбүз экономикалык арыштарды жасап, социалдык абалыбыз жакшырып, тынчтык жана биримдикте ийгиликтерди багынталы.

Урматтуу окурмандар!

Кирип келген жыл, ар бириңиздердин алдыга койгон  максатыңарды ишке ашырганга мүмкүнчүлүк берген жыл болсун! Үй бүлөңүздөргө тынчтык, бакыт таалай  каалайбыз! Жаңы жылыңыздар менен!!!

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>