Россия: Украина менен туткун алмашуу жана тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча макулдашуу бар

Россия: Украина менен туткун алмашуу жана тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча макулдашуу бар

Россия менен Украина ортосунда өткөн соңку сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына россиялык делегация канааттанды, деп билдирди делегациянын жетекчиси Владимир Мединский. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.

Анын айтымында, тараптар бир нече маанилүү маселелер боюнча сүйлөшүүгө жетишти.
Алар:

— Туткун алмашуу боюнча келишимге келишип, 1000ге 1000 масштабындагы алмашуу жарыяланды;

— Киев президенттердин жолугушуусун суранып, Москва бул сунушту эске алганын билдирди;

— Ок атууну токтотуу шарттары боюнча ар тарап өз көз карашын жазуу жүзүндө билдирүүгө макул болду;

— Россия Украина менен сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экенин ырастады.

Мединский бул сүйлөшүүлөрдү тынчтыкка карай маанилүү кадам катары сыпаттап, мындан аркы диалог үчүн негиз түзүлгөнүн белгиледи.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>