Россиянын футбол курамасынын 5 кызматкери Кыргызстанда калды

27.09.2022 | 18:35

Ишемби, 24-сентябрь күнү Кыргызстан менен Россиянын футболдук беттешинен кийин Россия курамасынын 5 кызматкери Кыргызстанда калды. Бул тууралуу “Мутко против” телеграм каналы жазды.

Маалыматка караганда, алар команданын административдик штабынан болушат. Кураманын бардык оюнчулары менен машыктыруучулары Россияга кетишкен.

“Бирок алар эмгек өргүүсүнө кеткен айтышты – мындан мурда деле курамалардын беттештеринен кийин көптөр үйүнө дароо кайтпай, жолго убакыт коротпош үчүн эс алууга кетишчү. Алардын айтымында, жакынкы жумаларда алар ишине кайтып келүүнү пландап жатат”, – деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Быйыл 24-февралда Россия Украинага кол салган. Анда тутанган согуш азыркы күнгө чейин уланып келет. Ага байланыштуу 21-сентябрда Россияда жарым-жартылай мобилизация жарыяланып, жарандар аскерге чакырыла баштаган. Мындан улам көптөгөн жарандар чет мамлекеттерге, анын ичинде Казакстан, Грузия, Кыргызстанга кете баштаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top