Россиядан уурдалган кымбат унаалар Бишкектен табылды

Россиядан уурдалган кымбат унаалар Бишкектен табылды

Россиядан уурдалган кымбат баалуу унааларды уурдагандар кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга Россиянын аймагынан кымбат баалуу уурдалган унааларды сатуу максатында айдап кетип жатканы билдирген.Тергөө ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун аймагынан 2020-жылы өндүрүштөн чыгарылган «Тойота RAV4» үлгүсүндөгү кыргыз номурлуу унаа кармалган.

Ошондой эле, алынган ыкчам маалыматтардын негизинде, Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринде ыкчам тинтүү жүргүзүлүп, ал жактан 2021-жылы өндүрүштөн чыгарылган «Хундай Санта-Фе» үлгүсүндөгү орус номурлуу эки унаа табылып, алынган.

КР Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик эксперттик кызматтын корутундусуна ылайык, кармалган унаалардын кузовунун номерлери колго жасалган ыкма менен өзгөртүлүп, идентификациялык номердин позициялык белгилери үзгүлтүккө учураган, ошондой эле даярдоочу завод тарабынан алгачкы жазылган кузов номерлери аныкталган.

Иликтөөнүн жыйынтыгында белгиленген кузов номерлери Россиядан уурдалып, издөөдө жүргөн унаа экени белгилүү болгон.

Учурда Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте ушул сыяктуу фактыларды аныктоо үчүн зарыл болгон ыкчам-издөө жана комплекстүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>