Өгөй атасы зордуктаганын айткан өспүрүм кыз жардамга муктаж

Өгөй атасы зордуктаганын айткан өспүрүм кыз жардамга муктаж

Аламүдүн районунда өспүрүм кызды зордуктоого шектелген өгөй ата эркиндикке кое берди. Бул тууралуу активист Эртай Искаков билдирди.

Анын айтымында, 16 жаштагы кызды өгөй атасы досу менен зордуктап, аны видеого тартышкан.

“Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдү кое берди. Балдарды коргоо боюнча социалдык кызматкер бүгүн кыздын үйүнө келип, ага жардам бергендин ордуна менин баракчамды көрсөтүп, эмне үчүн интернетке жарыялап жатканын сураптыр. Мен аны менен байланыштым. Аты Света экен. Кечирим сурады. Алар кеткенден кийин жабыркаган кыз кайра ыйлады.

Милиция боюнча айтсак, бул өтө оор кылмыш. 50 жаштардагы эки киши өспүрүм кызды зордуктап, аны видеого тартышкан. Өгөй атасы кызды көп убакыттан бери зордуктап келген. Милиция болсо аларды эркиндикке кое берди. Өгөй атанын туугандары эгер аны түрмөгө камата турган болсо, өспүрүм кызды жана апасын өлтүрүп кетишерин айтышкан”, — деп жазган активист.

Ошондой эле, ал үй-бүлөнү коопсуз жайга алып келгенин жана аларга жардам керектигин билдирген.

“Бүгүн үй-бүлөнү айылдан башка жакка алып кеткенге үлгүрдүк, жакшы адамдар жардам беришти. Алар батир же турак жай табылганга чейин үйлөрүнөн орун беришти. Башка адамдар тамак-ашын сатып берди. Дагы бири унаасы менен кийим-кечелерин алып келип берди.

Учурда жабыркаган кыз менен анын апасына психолог жана психиатрлар керек. Кыз бир нече жолу өз жанын кыюуга аракет кылган. Кызы менен болгон окуядан кийин апасы дагы инфаркт алган. Үй-бүлөгө батир табуу керек, балдар жылуу кийим-кечеге жана балдар медициналык жардамга муктаж”, — деди Эртай Искаков.

Буга чейин Аламүдүн районунда өспүрүм кызды өгөй атасы зордуктоого шектелип жатканын Reporter.kg′ге Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан тастыкташкан.

Маалым болгондой, кыздын апасы милицияга арыз менен кайрылган.

«Арызда ал 1972-жылы туулган күйөөсү биринчи никесиндеги 2006-жылы туулган кызы менен жыныстык катнашка барганын билдирген. Милиция текшерип жатат. Шектүү азырынча кармала элек», — деп билдиришти редакцияга. 

Учурда милиция зордуктоо фактысы боюнча териштирүү иштерин жүргүзүүдө, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Алардын жыйынтыгы менен айыпталуучунун аракетине юридикалык баа берилет.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>