Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечеси өтөт

Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечеси өтөт

Залкар акын Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу “Репортёрго” акындын шакирти «Айтыш» коомдук фондунун төрөгасы Асылбек Маратов билдирди. 

Анын айтуусуна караганда Элмирбек Иманалиевдин туулган күнүнө карата 17-январда маркумдун шакирттери эскерүү кечесин Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өткөрөт. Анда чоң программадагы концерттик иш-чара болуп саат 18:00дө башталат.

 «Устатыбыз өзү түптөгөн «Төкмө келсе төр бошот» долбоорундагы шакирттери биригип, агайыбыздын туулган күнүнө карата эскерүү кечесин өткөрөлү деп жатабыз.  Ага жакындары, белгилүү ырчылар, акындар катышат. Ал жерде агайдын ырлары ырдалып, көркөм окулат”, — дейт Маратов.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>