“Канышай, балдарымды жакшы кара”. Камакка алынган Молдокматов кайрылуу жасады

“Канышай, балдарымды жакшы кара”. Камакка алынган Молдокматов кайрылуу жасады

Камакка ылынган жарандык активист Жеңиш Молдокматов кайрылуу жасады.

Ал өз билдирүүсүндө бийлик түбөлүктү эмес экенин айтып, бир күнү өлкөдө чындык орной турганын жазган.

Төмөндө кайрылууну өзгөртүүсүз беребиз:

“Кадырлуу Кыргыз элим!

Өлкөдө өтө оор кырдаал жаралып, адилеттүүлүк, чындык эңсеген элдин үмүтү өчүп, сырттан душмандар кол салып, экономика эңшерилип турганда бийлик төбөлдөрү, өлкө башчысы Садыр Жапаров өз элине, жерине кас болду!

Мени октябрь окуясында Садыр Жапаровду чыгарган адамдардын бири УКМКнын имаратын басып алуу кинесин коюп, камакка алууда. Айтарым, бул күндөр дагы өтөт. Чындык чыгат! Адилеттүүлүк орнойт!

Жеңишбек Молдокматовду камап коюу менен өлкөдө өнүгүү орун алып, элдин жашоосу оңолуп кетпейт. Болгону бийликтин кемчилигин айткан бир адам убактылуу кемийт.

Башыңды көтөр кыргызым!

Чындык үчүн аталарыбыз күрөшүп, мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдеп келген. Бийлик түбөлүктү эмес! Эч коркпостон күрөшкүлө элдин азаттыгы, жерибиз үчүн!

Көтөр башты Кыргызым! Мүңкүрөбө! Уулуң чыгат! Кудайым буйруса баары жакшы болот!

Энекем менин, эч ойлонбоңуз, өзүңүздү караңыз! Уулуңуз эли үчүн чыккан!

Канышай алтыным, эч кайгырбы, балдарымды жакшы кара!”

Белгилей кетсек, Жеңиш Молдокматов октябрь окуялар боюнча 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ага «Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин басып алууга аракет кылган» деген айып коюлган.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>