Детей пострадавших от преступлений, допрашивают по несколько разРанние браки остаются большой проблемой — омбудсменВ Бишкеке выявили схему вербовки кыргызстанцев для открытия счетов KaspiВ городе Ош проводят побелку и покраску фасадов многоэтажных домовВ жилмассиве Кара-Жыгач в Бишкеке строится новый учебный корпус школы №91В Чуйском интернате скрыли от милиции факт избиения подростка
Кыргызстандык ырчы жеңишке жетти
12.08.2025 | 15:04
Кыргызстандык жаш ырчы Аэлита Таалайбекова 8–10 августа Россиянын Тува Республикасынын борбору Кызыл шаарында өткөн эл аралык «Алдын согун — Алтын жебе» сынагында биринчи орунду ээледи.

Таалайбекова таймашта тува тилиндеги «Аныяктар» жана «Курманбек» чыгармаларын аткарып, калыстар тобунун жана көрүүчүлөрдүн жогорку баасын алды.
Бул сынакка Казакстан, Башкортостан, Бурятия, Хакасия, Тоолуу Алтай, Калмакстан жана башка аймактардан 20дан ашык ырчы катышкан.
«Алдын согун» быйыл алгач ирет өткөрүлүп, Туванын эмгек сиңирген артисти Аяс Данзырынын жаркын элесине жана Ата Мекенди коргоочунун жылына арналды.
Аэлита Таалайбекова — Кыргызстандын Эмгек Сиңирген Артисти Айчүрөк Иманалиеванын кызы.
Рубрики: Новости