Алимент өндүрүү боюнча сот чечимдеринин 60%дан ашыгы аткарылбайт«Эрезе» кыргыз тасмасы Сан-Паулу эл аралык кинофестивалынын программасына кирдиКылмыштан жабыркаган балдар кайра-кайра суракка алынуудаЭрте никеге туруу туруктуу көйгөй бойдон калууда — акыйкатчыБишкекте Kaspi эсептерин ачуу үчүн кыргызстандыктарды азгырган схема аныкталдыОш шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн тышын актап-сырдоо иштери жүрүүдө
Кыргызстан “Алдын согун” эл аралык сынагында биринчи орунду алды
12.08.2025 | 15:04

Кыргызстандык жаш ырчы Аэлита Таалайбекова 8–10-августта Россиянын Тува Республикасынын борбору Кызыл шаарында өткөн эл аралык “Алдын согун — Алтын жебе” сынагында биринчи орунга татыды.
Таалайбекова таймашта тува тилинде “Аныяктар” жана “Курманбек” чыгармаларын аткарып, калыстар тобунун жана көрүүчүлөрдүн жогорку баасын алды.
Сынакка Казакстан, Башкортостан, Бурятия, Хакасия, Тоолуу Алтай, Калмакстан жана башка аймактардан 20дан ашык ырчы катышкан.
“Алдын согун” быйыл алгач ирет өткөрүлүп, Туванын эмгек сиңирген артисти Аяс Данзырынын жаркын элесине жана Ата Мекенди коргоочунун жылына арналды.
Белгилей кетсек, Аэлита Таалайбекова Кыргызстандын Эмгек Синирген Артисти Айчүрөк Иманалиеванын кызы.
Рубрики: Жаңылыктар