Ош облусунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 30-сентябрь күнү саат 16:19да Чоң-Алай районунун Ачык-Суу, Кабык айылдарында 2,5 балл, Жайылма айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>