Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлүн Ардак грамота менен сыйлады

Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлүн Ардак грамота менен сыйлады

Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлүн Ардак грамота менен сыйлады. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-августта Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү «Болормаа Амгаабазарды Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Ал Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосунда үзүрлүү кызматташууну орнотууга кошкон зор салымы үчүн Ардак грамота менен сыйланды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>