16-март: Өлкөнүн айрым аймактарында жаан, кар жаайтБШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болду
Руслан Казакбаев Украинанын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту
25.02.2022 | 16:44
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко менен жолугушту.
Элчи Украинада болуп жаткан окуялар тууралуу кеңири маалымат берди.
Министр Казакбаев жаңжалды тез арада жөнгө салууга үмүт артып, ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн жаңы форматтарын издөө зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле эки тараптуу күн тартибиндеги маселелер, анын ичинде быйылкы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын эске алуу талкууланды.
Белгилей кетсек, 24-февралга караган түнү Орусиянын президенти Владимир Путин Донбасска орус аскерлери киргизилгенин жана аскердик атайын операция башталганын расмий билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат