Украина: Орусиянын чабуулунан 137 жаран өлдү

Украина: Орусиянын чабуулунан 137 жаран өлдү

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия кол салган алгачкы күнү 137 украин жараны курман болуп, 316 адам жаракат алганын билдирди.

Алардын арасында Кара деңиздеги Змеиный аралын кайтарган чек арачылар да бар.

Буга чейин Украинанын саламаттык сактоо министри Олег Ляшко 57 киши өлгөнүн, 169у жаракат алганын кабарлаган. Ал курман болгондордун арасында канчасы аскер, канчасы жай тургун экенин так билдирген эмес.

Бул арада Орусиянын Коргоо министрлиги Воронеж облусунда АН-26 аскер учагы кулаганын кабарлады. Маалыматка караганда, баалуу мүлк ташып келе жаткан учактын экипаж мүчөлөрү курман болушкан. Мекеме аварияга техникадагы мүшчүлүштүк себеп болгонун белгиледи.

Пентагон Украинага чабуул башталгандан бери орус армиясы 160 ракета кое бергенин билдирди. Украинанын коргоо министри Алексей Резниковдун айтымында, Орусия кол салуунун жаңы толкунун, анын ичинде аба десантын даярдап жатат.

Орус тарап расмий түрдө жоготуулар жөнүндө айта элек.

Бул арада Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр кол салуунун биринчи күнүндө каршылаш тарап 800дөй кишисин жоготконун билдирди.

Маляр 25-февраль, түнкү саат үчкө карата украин армиясы душмандардын жети учагын, алты тик учагын, 30дай танкын, 130дай брондолгон машинесин жок кылганын белгиледи.

Ушул тапта айыгышкан салгылашуулар Донбасс, Харьков жана өлкө түндүгүндө жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>