Төрт баласы менен таштанды таштоочу жайда жашаган Чынара: Кичүү кызым шал оорусу менен ооруйт

Төрт баласы менен таштанды таштоочу жайда жашаган Чынара: Кичүү кызым шал оорусу менен ооруйт

Чынара Исаеванын төрт баласы бар. Кичүү баласы ДЦП, кызына көп убактысын арнаганда күйөөсү кызын балдар үйүнө берүүнү талап кылган. Чынара жолдошунун талабынан баш тарткан. Азыр ал таштанды таштоочу жайда жашайт.

Reporter.kg менен болгон маегинде ал алгач Ош облусунан төрт баласы менен Сокулукка келип, күнөсканада иштеген. Андан соң Ак-Босого конушуна көчүп келип, мектептин ашканасында ашпозчунун жардамчысы болгон. Тапкан кирешесинин жарымы ижарага алынган турак-жайга берилиши керек болчу.

Бир жолу кайрымдуулар ага таштанды таштоочу жайдын жанынан документтери жок үй сунушташкан. Чынара ушундай белек алганына сүйүнгөн. Анткени, азыр ал ижарага кеткен акчага балдарына кийим-кече сатып алат.

Үй-бүлө бул жерде беш жылдан бери жашайт.

«Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун волонтерлору анын атына реквизиттерди ачып берген, каалоочулар үй-бүлөгө жардам берсе болот:

Элсом KICB 0508067694 Сynara Ysaeva

Толугу менен видеодон көрүңүз:

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>