Садык Шер Текебаевге ордун бошотуу үчүн депутаттык мандаттан баш тартты

Садык Шер Текебаевге ордун бошотуу үчүн депутаттык мандаттан баш тартты

Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер депутаттык мандатынан баш тартты.

Анын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайдабекованын атына жазылган арызынын сүрөтү социалдык тармакка жарыяланды.

Садык Шер депутаттык мандатын «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге бошотуп берүү үчүн арыз жазганын белгилеп кеткен.

Белгилей кетсек, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатын кайтарып берүү тууралуу арыз менен Боршайкомго кайрылганы 10-октябрда белгилүү болгон.

12-октябрдагы БШКнын жыйынында “Ата Мекен” фракциясында бош мандат жоктугуна байланыштуу жана Боршайкомдун мүчөлөрү толук келбегендиктен бул маселе карабагандыгын буга чейин Абдыжапар Бекмаматов «Репортёрго» билдирген.

Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов пара алууга шектелип 2017-жылы сегиз жылдан абакка кесилишкен. Бирок алар кылмыш иштеги жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу 2019-жылы үй камагына чыгышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>