Садыр Жапаров АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушту

Өлкө башчы Садыр Жапаров Вашингтон шаарында АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, лидерлер эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы өнөктөштүктү, анын ичинде саясий чөйрөдө, ошондой эле финансылык технологиялар жана жасалма интеллект жаатында бекемдөө жолдорун талкуулашкан.
Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан башка мамлекеттерден айырмаланып, мунай жана газ запастарына ээ эмес экенин айтып, өлкөнүн башкы байлыгы билимдүү жаштар экенин белгилеген. Алардын көбү IT-чөйрөсүн активдүү өздөштүрүп жатышат.
Өлкө башчы ошондой эле каржы технологиялары жаатындагы кызматташтыкка көңүл бурган. Ал Кыргызстанда санариптик каржы инструменттерин киргизүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, анын ичинде улуттук стейблкоин – KGST ишке киргизүү жана мамлекеттик крипторезервди түзүү боюнча иштер тууралуу айтып берген.

Өз кезегинде АКШ президенти Садыр Жапаровду жылуу тосуп алып, эки жактуу мамилелердин ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеген.
Дональд Трамп ошондой эле жогорку деңгээлдеги конструктивдүү диалог эки өлкө элинин туруктуу өнүгүүсүн, коопсуздугун жана бакубаттуулугун камсыздоого багытталган өз ара аракеттенүүнү жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууну мындан ары да өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирген.