Садыр Жапаров Астанага жөнөп кетти. Делегациянын курамында 12 киши бар

08.08.2024 | 16:34

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстандын борбору Астанага жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жапаров Астанада Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын VI консультативдик жолугушуусуна жана “Борбор Азия+Япония” саммитине катышат.

Ошондой эле ал Япониянын премьер-министри Фумио Кисида менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Расмий делегациянын курамы:

– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

– президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

– Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшөкеев;

– билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева;

– жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу Азис Сапаралиев;

– маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;

– транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев;

– энергетика министри Таалайбек Ибраев;

– юстиция министри Аяз Баетов;

– Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев;

– Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жалын Жээналиев;

– “Кыргыз Экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун директору Урмат Такиров.

Scroll to Top