Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты
Садыр Жапаров Душанбеге иш сапар менен кетти. Делегациянын курамы
14.09.2023 | 10:30
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын V Консультативтик жолугушуусуна катышуу үчүн Тажикстандын Душанбе шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, Жапаров иш сапардын алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Кыргызстандын расмий делегациясынын курамы:
- министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;
- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев;
- энергетика министри Таалайбек Ибраев.
https://reporter.kg/sadyr-zhaparov-dushanbede-emomali-rahmon-menen-zholugat/
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом