Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Жамгыр, тоолорго кар жаап, түнкүсүн үшүк жүрөт: 26-октябрга карата аба ырайыБанктар сом менен чет өлкөлүк валютага караганда 15 эсе көп депозит кабыл алыштыБанктардагы жаңы депозиттердин көлөмү сегиз айда 29%га өстүБишкекте турак үйлөрдөн жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жайлары аныкталдыКР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскерттиҮй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталууда
Кыргызстандык 2 тасма Алматыдагы фестивалда сыйлык алды
14.09.2023 | 10:06
Кыргызстандык 2 тасма Казакстандын Алматы шаарында өткөн «Байкоңур» кыска метраждуу оюн жана даректүү тасмалардын эл аралык фестивалында сыйлык алды. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Дастан Мадалбековго «Атасынын уулу» тасмасы үчүн “Мыкты режиссерлук иш” сыйлыгы жана Никита Ловецкийге «Галина Петровна» тасмасы үчүн Киносынчылардын калыс тобунун диплому тапшырылган.
Эскерте кетсек, аталган кинофестиваль 6-10-сентябрда Алматы шаарында өтүп, ага 6 мамлекеттен 18 тасма катышты.
«Байкоңур» фестивалы быйыл сегизинчи жолу өткөрүлдү.