Садыр Жапаров дүйнөдөгү эң бай Rothschild & Co компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту

11.09.2025 | 17:21

Президент Садыр Жапаров 11-сентябрда Бишкекте Rothschild & Co компаниясынын башкармалыгынын мүчөсү Ариэль Малярд де Ротшильд баштаган делегациясын кабыл алды.

Жолугушууда экономикалык жана финансылык кызматташууну өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Садыр Жапаров компаниянын дүйнөлүк каржы рыногу боюнча тажрыйбасын Кыргызстан менен бөлүшүүгө даярдыгы өнөктөштүк мамилелерге өзгөчө маани берерин белгиледи.

Ал соңку төрт жылда өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын жемиштери: экономиканын туруктуу өсүшү, өнөр жай жана курулуш секторлорунун активдүү өнүгүшү, каржы системасынын чыңдалышы жана инвестициялык климаттын жакшырышы экенин кошумчалады.

Rothschild & Co өкүлдөрү Кыргызстан менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин, инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле инвестициялык консалтинг жана каржылык инструменттерди өнүктүрүүгө даярдыктарын билдиришти.

Маалымат иретинде: Rothschild & Co — бул дүйнөдөгү эң белгилүү жана таасирдүү финансылык консалтинг жана инвестициялык компаниялардын бири. Ал 1812-жылы негизделген жана учурда Лондон, Париж, Нью-Йорк жана башка көптөгөн шаарларда кеңселерге ээ.

Scroll to Top