Бишкекте окуучу кыз өзүнүн мектебине бомба коюлганы тууралуу жалган билдирүү таратканНовосибирск – Бишкек рейсинин жүргүнчүлөрү жардыргыч кабарынан улам чыгарылдыЧүй облусунда үшүк жүрүшү күтүлүүдө: милиция айдоочуларга эскертүү бердиКыргызстан менен Тажикстандын Улуттук банктары төлөм системаларын талкуулаштыBITEVOLUTION: Бишкекте каржы пирамидасын уюштурууга шектелген жаран кармалдыКыргыз жаштарынын шайлоо сабаттуулугу боюнча долбоору Германияда кызыгуу жаратты
УКМК Бишкектеги бир нече тойкананын ээсин кармады
11.09.2025 | 16:51

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкектеги ири тойканалардын ээси кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, “Асман”, “Мейкин”, “Сый ордо”, “Ата”, “Ак булут” жана “Ак Сарай” банкеттик залдары кызыл сызыктан чыгып, мыйзамсыз кеңейтилип келген.
Ишканалардын кожоюну С.А.С. аттуу жаран айрым мамлекеттик кызматкерлер менен сүйлөшүп, ресторандардын негизги бөлүктөрүн ижарага алынган муниципалдык жер тилкелерине жайгаштырганы аныкталды.
Ишкер учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
