Садыр Жапаров үч күндүк иш сапары менен өлкөнүн түштүгүнө барат

Садыр Жапаров үч күндүк иш сапары менен өлкөнүн түштүгүнө барат
Президенттин м.а., премьер-министр Садыр Жапаров эки күндүк иш сапары менен Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарына барат.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жумушчу сапар 2-4-ноябрь күндөргө белгиленген.

Иш сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы облустардагы инфраструктуралык объектилердин курулушу менен таанышат. Мындан тышкары Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынан, ошондой эле Ош шаарынын эли менен жолугушат.

Буга чейин Садыр Жапаровдун чек ара көйгөйлөрү боюнча жеринде таанышуу максатында Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарына бир нече күнгө иш сапары менен барары айтылган.
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>