Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстандын борбору Астанага барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жапаровдун учагы Астанадагы эл аралык аэропортко конуп, аба майдандан аны коңшу мамлекеттин премьер-министринин орун басары Галымжан Койшыбаев жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Сапардын алкагында Жапаров «Борбор Азия – Германия» саммитине катышат. Ошондой эле Германиянын ишкерлери менен жолугат, канцлер Олаф Шольц менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.