Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Садыр Жапаров иш сапары менен Ысык-Көлгө барат
01.06.2022 | 13:03
Президент Садыр Жапаров 1-2-июнь күндөрү иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысы билим берүү жана башка объектилердин абалы менен таанышат.
Президент Садыр Жапаров ошондой эле реконструкциядан өткөн Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын Балалык» ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексин ачат.
Комплекстин ачылышы УТРК жана республикалык телеканалдар аркылуу түз көрсөтүлөт.
Эфир болжол менен саат 14:00до башталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом