Кыргызстанда 21-октябрда «Москва үчүн салгылашуу» аттуу эскерүү жүрүшү өтөтПрезидент Кыргызстанда жаңы авиакомпанияларды каттоого коюлган мораторийди алып салдыТогуз айда Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 685,4 млрд сомду түздүСадыр Жапаров Бишкекте ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн парламент спикерлерин кабыл алдыБишкекте скульптор Виктор Шестопалдын юбилейлик көргөзмөсү өтөтЧет өлкөлүк капиталы бар ишканалар 2025-жылы 109 млрд сом пайда тапты
Садыр Жапаров иш сапары менен Ысык-Көлгө барат
01.06.2022 | 13:03
Президент Садыр Жапаров 1-2-июнь күндөрү иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысы билим берүү жана башка объектилердин абалы менен таанышат.
Президент Садыр Жапаров ошондой эле реконструкциядан өткөн Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын Балалык» ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексин ачат.
Комплекстин ачылышы УТРК жана республикалык телеканалдар аркылуу түз көрсөтүлөт.
Эфир болжол менен саат 14:00до башталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом