БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Садыр Жапаров Казакстандан кийин Азербайжанга иш сапар менен барат
04.07.2024 | 16:53
Президент Садыр Жапаров 5-6-июлда Азербайжанга иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Жапаров Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын бейформал саммитине катышат. Бул жолугушуу “Транспорт, байланыш жана климаттык иш-чаралар аркылуу туруктуу келечекти түзүүнү камсыз кылуу” темасынын алдында өтөт.
Саммитке Азербайжан, Өзбекстан, Казакстандын президенттери, Түркия жана Венгриянын өкмөт башчылары катышат.
Эскерте кетсек, Садыр Жапаров 3-4-июлда Казакстанда иш сапар менен болуп, ШКУнун саммитине катышууда.
Ысык-Көлдөн Кытайга кеткен жол салынып, чек ара бекети ачылат
Рубрики: Жаңылыктар, Коом