Курумду чокусунун санариптик картасын ыктыярчылар түзүштү — видеоАкын Аскат Жетиген эркиндикке чыктыКөчмөндөр оюндарына даярдык: 22-августта Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылатКыргызстанда санкция тобокелдигинен улам 19 компания мажбур менен жабылышы мүмкүнБишкекте батир алдамчылыгына шектүү жаран кармалдыБаланын медициналык картасы «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүү болду — пилоттук долбоор Нарында башталды
50 жылда эл жаңырат. Жарым кылымда өлкө калкы канчага көбөйдү?
04.07.2024 | 17:48
Калктын саны жыл башынан бери 38 миң адамге, же 0,5 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Аны менен 1-майга карата элдин саны 7 млн 200 миңди түздү.
Белгилей кетсек, 1974-жылы Кыргызстандын калкынын саны 3 миллион 199 миң 240 болгон. Акыркы 50 жылда 56 пайызга көбөйгөн. Калктын саны 1984-1987-жылдары жылына 2 пайыздан ашык көбөйүп турган. 2004-жылкы көрсөткүч эң төмөн болуп, 0,47 пайызды түзгөн.
Январь-апрель айларында калктын табигый өсүүсү 35,2 миң адамды түздү. Калктын саны көбүнчө Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында өскөн.