Президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигинин кызматкерлерин кыргыз милициясынын 100 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жапаров аталган мааракеге карата Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында уюштурулган иш-чарага катышып, куттуктоо сөзүн айтты. Ал 100 жылдык тарыхында Кыргызстандын милиция кызматкерлери ары татаал, ары кооптуу кесип ээлери катары канчалаган оор сыноолорду башынан өткөргөнүн сөз кылды.
«Милиционерлер коопсуздукту камсыз кылуу үчүн ар күнү өмүрүн тобокелге салып келишет. Өлкөбүздү ар түрдүү коркунучтардан жалтанбай коргоп, кыйынчылыктардын курчоосунда калса да, берген антты абийирдүүлүк менен аткарып, чыныгы эрдиктин үлгүсүн көрсөтүшүүдө. Коомдук түзүлүштүн өзгөргөнүнө карабастан, калыстыктан тайбай, милдеттерди так аткарган тартип сакчылары калың элдин алкышына татып, аттары атпай журтка маалым болуп олтурат.
Мына ошондуктан, элибиздин бейпил турмушун камсыздоо үчүн жүктөлгөн милдеттерди күнү-түнү тыным албай иштеп келаткан ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамына жана алардын башында турган жетекчилерге – азыркы ардагер милиционерлерге терең ыраазычылыгымды билдирем!», — деди ал.