Садыр Жапаров кыргыз-мисир мамилелеринин тарыхында алгачкы жолу Египетке расмий сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров Мисир Араб Республикасынын президенти Абдель Фаттах Ас-Сисинин чакыруусу боюнча 4–5-ноябрда кыргыз-мисир мамилелеринин тарыхында алгачкы жолу Мисирге расмий сапар менен барат.
Бул сапар Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарындагы Африка континентине болгон биринчи расмий визит болуп саналат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
“Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров менен Абдель Фаттах Ас-Сисинин ортосунда эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр болот. Ошондой эле эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашуу күтүлүүдө”, — деди Абдумуталип.
Расмий сапардын алкагында экономика, айыл чарба, инвестиция, энергетика, саламаттыкты сактоо жана башка багыттар боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.