Бишкек менен Ошто «Франкофония жазы – 2026» фестивалы өткөрүлөтКыргызстандын эл артисти, белгилүү актёр Абдыкалык Акматов дүйнөдөн кайттыАйыл чарба министри оорулуу малды бөлүп кармоону жана ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырдыКыргызстанда токойлорду калыбына келтирүүгө 81 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү1-апрелден тарта автоунааларды каттоо толугу менен онлайн форматка өтөтКыргыз тарыхы боюнча 15 томдук китеп жазылат
Садыр Жапаров кызматтан кетип жаткан ЖККУнун баш катчысы Тасмагамбетовду I даражадагы төш белги менен сыйлады
27.11.2025 | 14:21
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кызматын тапшырып жаткан ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовду уюмдун I даражадагы төш белгиси менен сыйлады. Мамлекет башчысы анын жемиштүү эмгегин жана ЖККУнун өнүгүшүнө кошкон маанилүү салымын белгиледи.
Эске салсак, 2026-жылдын 1-январынан тарта уюмдун баш катчы кызматын кыргызстандык өкүл Таалатбек Масадыков аркалайт. Буга чейин Жапаров коопсуздукту жана мамлекеттер ортосундагы достукту бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Имангали Тасмагамбетовду «Достук» ордени менен сыйлаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат