Бишкекте UmutDoc фестивалы өтүүдө: 30дан ашык тасма жана чеберчилик сабактарыЭгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналып, республикалык айтыш болуп өттүБишкекте жеке үйлөр орточо 17,45 млн сом турат — Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикКыргызстанда алгачкы жолу 20 жана 50 сомдук банкноттор өлкө ичинде басылып чыктыБишкекте 8 ай ичинде батирлерди сатуу дээрлик 12%га өстүОш шаарында абанын сапатын көзөмөлдөөчү станция ишке кирди
ЖККУнун тар курамдагы саммити: жыл жыйынтыгын чыгаруу жана жаңы баш катчыны тандоо
27.11.2025 | 13:30

Бишкекте ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин тар курамдагы жыйыны өттү.
Саммиттин алдында президент Садыр Жапаров жолугушууда Кыргызстандын уюмдагы төрагалыгынын жыйынтыгы чыгарыларын билдирген.
Өлкө лидерлери аймактагы аскердик-саясий абалды, заманбап коркунучтарга каршы чараларды, ошондой эле миграциялык жана баңгизатка каршы коопсуздук маселелерин талкуулашты. Жыйындын жыйынтыгында корутунду декларацияны кошкондо бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүп жаткан.
2026-жылдын 1-январынан тарта ЖККУдагы төрагалык Орусияга өтөт. Мындан тышкары, саммиттин катышуучулары 2026–2029-жылдарга карата уюмдун жаңы баш катчысынын талапкерлигин да карашты.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат