Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө” мыйзамын күчүн жоготту деп таануу жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” ыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам 2023-жылдын 29-ноябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Аталган мыйзамдын максаты — “Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп табуу жолу менен мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук кеңештерди жоюу.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз