Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Садыр Жапаров маморгандардагы коомдук кеңештерди жойду
11.01.2024 | 20:27
Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө” мыйзамын күчүн жоготту деп таануу жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” ыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам 2023-жылдын 29-ноябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Аталган мыйзамдын максаты – “Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп табуу жолу менен мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук кеңештерди жоюу.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар