Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Жогорку соттун судьялары шайланды
11.01.2024 | 20:07
Жогорку Кеңештин 10-январдагы жыйынында депутаттар Жогорку соттун судьялык кызматына шайлоо үчүн талапкерлерди карады.
Талапкерлер тууралуу маалыматты Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов берди.
Анын айтымында, президент Жогорку соттун судьялык кызматына шайлоо үчүн Элмира Байтикова, Эркинбек Мамыров жана Медербек Сатыевдин талапкерлигин сунуштаган.
Талкуунун жыйынтыгында депутаттар Элмира Байтикова менен Медербек Сатыевди Жогорку соттун судьялыгына шайлашты.
Парламенттин тиешелүү токтому кабыл алынды. Жогорку соттун шайланган судьялары парламентте ант беришти.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар