Бишкектин дагы эки көчөсү 13-январдан тарта бир тараптуу болот

Бишкектин дагы эки көчөсү 13-январдан тарта бир тараптуу болот

Бишкектин дагы эки көчөсү 13-январдан тарта бир тараптуу болот. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Жалпы сегиз көчөдө бир тараптуу кыймыл уюштурулуп, эки көчө эки тараптуу болот.

«13-январдан тарта Орозбеков жана Раззаков көчөлөрү бир тараптуу болот. Учурда тиешелүү жол белгилери орнотулууда», — деп айтылат маалыматта.

Бир тараптуу болгон көчөлөрдүн тизмеси:

Гоголь көчөсүндөгү жол тилкеси Жумабектен Москва көчөсүнө чейин (түндүктөн түштүккө);

Сүйүмбаевдин Москвадан Жибек Жолу көчөсүнө чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө);

Турусбеков көчөсүнүн Москвадан Жибек Жолу проспектине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө);

Үмөталиев көчөсүнүн Жибек Жолу проспектинен Москва көчөсүнө чейинки тилкеси (түндүктөн түштүккө);

2024-жылдын 13-январынан баштап:

Раззаковдун Киевден Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө);

Орозбековдун Москвадан Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө).

Дагы эки көчөнүн тилкелеринде бир тараптуу кыймыл уюштурулат:

Калык Акиевдин Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейинки тилкеси (түштүктөн түндүккө);

Тыныстановдун Фрунзе көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө).

Уюштурула турган эки тараптуу кыймыл:

Кулатовдун Панфиловдон Логвиненко көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Бөкөнбаевдин Эркиндик проспектинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Мэрия өзгөрүүлөргө түшүнүү менен мамиле жасап, жол эрежелерин сактоого чакырат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>