Бүгүн, 22-майда Садыр Жапаров Сауд Аравия Королдугунун Соода-өнөр жай палаталары төрагасы Хасан Моажеб Аль-Хувайзини жана арабиялык алдыңкы ишканалардын өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар инвестициялык кызматташуу, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо жана кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды.
Президент Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан масштабдуу реформалар жана ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу айтып берип, жагымдуу инвестициялык климатты түзүү аракеттерине басым жасады. Ал белгиленгендей, өлкөдө инвесторлордун укуктарын коргоо жана ишкерлик жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу боюнча мыйзамдык чаралар кабыл алынган.
Ошондой эле Садыр Жапаров энергетика, туризм, кыймылсыз мүлк, банк сектору, логистика, санариптештирүү жана айыл чарба экспорту багытында кызматташуу тууралуу билдирген.
Өз кезегинде Хасан Моажеб Аль-Хувайзи Кыргызстан келечектүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн зор потенциалы бар, жагымдуу жана негизинен али өздөштүрүлө элек аймак экенин белгиледи. Ал ошондой эле эки жактуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.