Садыр Жапаров Москвага эмне үчүн барбай турганы белгилүү болду

Садыр Жапаров Москвага эмне үчүн барбай турганы белгилүү болду

Президент Садыр Жапаров Жеңиш күнүнө карата Москва шаарына пандемияга байланыштуу барбайт. Мындай билдирүүнү анын маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.

Анын айтымында, Жеңиш күнү юбилейлик датасы болбогондуктан КМШнын лидерлери расмий түрдө чакырылбаган.

“Жапаров пандемиядан улам 9-майда Москвага барууну пландаган жок”, — деген Байтерек.

Буга чейин Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков, Жеңиш күнүн белгилөө үчүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Москвага келиши күтүлбөгөнүн билдирген.

Ал эми Орусиянын президентти Владимир Путин менен Тажикстандын башчысы 8-майда Москвада сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>