Садыр Жапаров Нью-Йоркто бир катар маанилүү жолугушууларды өткөрдү

24.09.2025 | 15:32

Садыр Жапаров 23-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Австриянын федералдык канцлери жана бир катар Африка өлкөлөрүнүн президенттери менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө башчы алгач Австриянын федералдык канцлери Кристиан Штокер менен жолугушкан. Анда кыргыз-австриялык кызматташтыктын экономика, инвестиция, экология жана туризмди камтыган маселелери талкууланган. Ошондой эле диалогду бекемдөөгө жана өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдарлык белгиленген.

Андан кийин ал Намибиянын президенти Нетумбо Нанди-Ндайтва менен жолугушкан. Жолугушууда тараптар өнүгүү баскычында турган кыргыз-намибия алакаларынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашып, кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин белгилешкен.

Ошондой эле Садыр Жапаров Габон Республикасынын президенти Брис Клотер Нгема менен жолугушуу өткөргөн. Анда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарда жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланган.

Садыр Жапаров Кыргызстан Африка өлкөлөрү, анын ичинде Габон менен ар кандай тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеген. Өз кезегинде Габондун президенти бардык келечектүү багыттар боюнча кызматташтыкты активдештирүүгө даяр экенин билдирген.

Мындан тышкары өлкө башчы Гвинея-Бисаунун президенти Умару Сисоку Эмбало менен жолугушкан. Жолугушууда ал Кыргызстан менен Гвинея-Бисаунун ортосундагы мамилелер өнүгүүнүн баштапкы баскычында экенин белгилеп, ар тармакта кызматташтыкты өнүктүрүүнү көздөөрүн кошумчалаган. Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелер 2025-жылдын февраль айында түзүлгөн.

Өз кезегинде Гвинея-Бисаунун президенти дипломатиялык мамилелерди түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстан менен өнөктөштүктү чыңдоого даяр экенин билдирген.

Scroll to Top