3-ноябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуКыргызстанда сот тутумунун 15 объектиси курулууда, дагы тогуз имарат куруу пландалганТалас шаарында 5 миң орундуу «Талас-Арена» борбордук стадиону ачылдыБишкектен Шарм-эль-Шейхке учкан каттамдар келе жаткан кыш мезгилине токтотулдуАКШдан Кыргызстанга баңгизат ташууга шектелген жаран кармалып, өлкөгө алынып келиндиСадыр Жапаров: Талас облусунда 350 орундуу оорукана жана үч медициналык борбор курулат
Кыргызстан Грузиядан баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө айыпталган жаранды экстрадициялады
24.09.2025 | 15:20

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Грузиядан А.Ж.М. аттуу жаранды экстрадициялады.
Ал 10 жылдан ашык эл аралык издөөдө жүргөн жана оор жана өзгөчө оор кылмыштар, анын ичинде баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү жана далилдерди бурмалоо боюнча айыпталууда.
Экстрадиция эл аралык келишимдерге ылайык жана Грузиянын ыйгарым укуктуу органдары менен кызматташуу аркылуу ишке ашырылган. Башкы прокуратура издөөдө жүргөн адамдарды экстрадициялоо боюнча иштерди улантууда.