Манаста 6,8 млрд сомдук филармониянын курулушу токтотулуп, айрым обьектилер Курулуш министрлигине өттүБир жылда акыйкатчыга сот отурумдарына арызданып, 800дөн ашык адам кайрылганДепутат Cool Bros тигуучу фабрикасы мыйзамсыз тартып алуу боюнча билдирүү жасадыБишкекте 600 гараждын ордуна 1 миң 200 орундуу жаңы мектеп курулуудаЖогорку Кеңеште депутаттардын сүйлөөлөрүн спикер менен макулдашуу талабы киргизилдиРуслан Суйналиев финансы министри болуп дайындалды. Президент кол койду
Садыр Жапаров Сауд Арабияга иш сапары менен барат
09.11.2024 | 13:30
Президент Садыр Жапаров 11-ноябрда Сауд Арабияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Сапарынын алкагында Жапаров Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитине катышат.
“Анын жүрүшүндө Палестина жана түштүк Ливан, ошондой эле жалпы Жакынкы Чыгыш аймагындагы учурдагы кырдаалды талкуулоо пландаштырылууда. Саммиттин алкагында президент Садыр Жапаровдун сөз сүйлөөсү, ошондой эле Сауд тарап менен бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылууда”, – деди Азымбакиев.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом