Бүгүн, 10-июнда Садыр Жапаров Түркиянын элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкемди анын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда элчи президентке ишеним грамотасын тапшырды.
Ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын соода-экономикалык жана гуманитардык чөйрөлөрдө, парламенттер аралык кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Садыр Жапаров элчини бул кызматка дайындалышы менен куттуктап, ал кыргыз-түрк достугун жана өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоого зор салым кошоруна ишенимин билдирди.
Өз кезегинде Мекин Мустафа Кемал Өкем эки өлкөнүн ортосундагы алакалар көптөгөн тармактарда – билим берүүдөн маданият жана саламаттыкты сактоо тармагына чейин ырааттуу түрдө тереңдеп баратканын белгилеп, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.
Соңунда Садыр Жапаров элчи Мекин Мустафа Кемал Өкемге дипломатиялык ишмердигине ийгиликтерди каалап, Түркия менен эки тараптуу кызматташуу мындан да жогорку деңгээлге көтөрүлөрүнө ишеним билдирди.