Чүй облусунда эки жаранды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип, төрт адам кармалдыТокмоктун мурдагы мэри Максат Нусувалиев абактан чыгарылып, иши кайра кароого жөнөтүлдүАдылбек Касымалиев Бишкектеги Соттук-медициналык экспертиза борбору үчүн жаңы имарат курууну тапшырдыАла-Бел ашуусуна кар көчкү түшүп, Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылдыДастан Бекешев мопеддерге коюлган жаңы талаптардан улам курьерлердин массалык жумушсуз калуу коркунучун эскерттиЧек ара кызматында жаңы орун басарлар дайындалды
Садыр Жапаров: Жазаны күчөтпөсөк, түрмөнү тоготпой калышты
04.10.2025 | 13:32

Сентябрдын аягында 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү өлкөдө чоң резонанс жаратты. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү маселесин өз көзөмөлүнө алып, өлүм жазасын кайра киргизүү боюнча коомдук талкуу башталарын билдирди.
Мамлекет башчысы «Кабар» агенттигине берген маегинде акыркы жылдардагы адам өлтүрүү жана зордуктоо фактыларынын өсүп жатканын белгилеп, статистиканы сунуштады. Анын айтымында, кылмышкерлер түрмөдөн коркпой калышкан, анткени шарттары жеңилдеп, айрымдары үй-бүлөсүнө акча жөнөтө турган деңгээлге жеткен.
Негизги билдирүүлөрү:
- Өлүм жазасы адам өлтүрүү жана өспүрүмдөрдү зордуктоо кылмыштарына гана колдонулушу мүмкүн.
- Коррупция боюнча мындай жаза каралбайт, анткени «жалаа менен күнөөсүздөр жабыркап калуу коркунучу бар».
- Сот процесстерди ачык жүргүзүү, видеодалилдерди колдонуу жана жабырлануучулардын жакындарын катыштыруу механизмдери сунушталууда.
- Өлүм жазасын киргизүү үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү, Конституциялык соттун корутундусу жана референдум талап кылынат.
- Эгер эл көпчүлүк менен колдосо, Кыргызстан эл аралык келишимдерден чыгуу маселесин да карайт.
«Элдин негизги талабы — балдарыбызды жана аялдарды коргоо. Маселе бүткүл элдик добуш берүү аркылуу гана чечилет», — деди Жапаров.