Кыргызстандын Жарандык авиация агенттиги ИКАО текшерүүсүн эскертүүсүз өттүКыргызстандагы чет элдик элчиликтерди камсыздандыруу төгүмдөрүнүн бир бөлүгүнөн бошотуу сунушталууда14-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуKyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталууда
Жылдын мыкты мугалими» наамын жеңген мугалимге батир берилди
04.10.2025 | 15:26

Бүгүн министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Жылдын мыкты мугалими» республикалык конкурсунун баш байгесин жеңген Элзат Асановага Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батирге сертификат тапшырды.
Элзат Асанова Ысык-Көл облусунун Түп районундагы К. Үмөталиев атындагы №22 Долон орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенет.
Ошондой эле сынакта ар бир предмет боюнча мыктылык көрсөткөн 10 мугалимдин ар бири президенттин фондунан 500 миң сомдон акчалай сыйлык алышты.
Иш-чарада министрлер Кабинетинин төрагасы мугалимдердин билим берүү тармагына кошкон салымы жогору бааланып, аларга ыраазычылык билдирди.