Жергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачатДэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылатУлуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалганМына алар, солдон оңго карай: Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугуштуАкысыз медициналык кызмат көрсөтөт: Араванда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады
Садыр Жапаров Жеңиш майрамына арналган парадка катышуу үчүн Орусияга барат
07.05.2025 | 17:53
Өлкө башчы Садыр Жапаров 8-9-майда Владимир Путиндин чакыруусу менен Орусияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Алдыдагы иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышат.
Ошондой эле Садыр Жапаров чет өлкөлүк мамлекеттин башчылары жана согуштун ардагерлери менен бирге Москвадагы Кызыл аянтта өтүүчү маарекелик Жеңиш парадына катышары айтылды.
Белгилей кетсек, алдыдагы салтанаттуу парадга Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын параддык бөлүгү да катышат.
Рубрики: Жаңылыктар